513-берене. Процесстик жана соттук аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптын формасы жана мазмуну
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 63-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жазуу жүзүндө түзүлөт, ага аны жиберүүчү кызмат адамы кол коёт, тиешелүү органдын гербдүү мөөрү менен ырасталат жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) суроо-талапты жиберип жаткан органдын аталышы;
2) суроо-талап багытталган органдын аталышы жана жайгашкан жери;
3) жазыктык иштин аталышы жана суроо-талаптын мүнөзү;
4) суроо-талап багытталган жаткан адам жөнүндө маалыматтар, анын ичинде алардын туулган датасы жана орду, жарандыгы, ишинин түрү, жашаган жери же турган жери, ал эми юридикалык жактар үчүн - алардын аталышы жана жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар;
5) такталууга тийиш болгон жагдайларды баяндоо, ошондой эле суралуучу документтердин, буюм жана башка далилдердин тизмеги;
6) жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайлары, анын квалификациясы, Жазык кодексинин тиешелүү беренесинин тексти жөнүндө маалыматтар, ал эми зарыл учурларда, бул кылмыш менен келтирилген залалдын өлчөмү жөнүндө маалыматтар.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
513-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-513" title="513-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>