# 512-берене. Процесстик жана соттук аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 63-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 512-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-512

---

1. Чет мамлекеттин аймагында ушул Кодексте каралган суракка алууну, карап чыгуу, алып коюу, тинтүү, экспертиза жасоо жана башка айрым тергөө жана соттук аракеттерди жүргүзүү зарылдыгы болгондо, сот, прокурор, тергөөчү алардын өндүрүшүн укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишими бар чет мамлекеттин тиешелүү органдарынан же өз ара принциптин негизинде жүргүзүү тууралуу суроо-талап киргизет.

2. Процесстик жана соттук аракеттерди жүргүзүү жөнүндө суроо-талап төмөнкүлөр аркылуу жиберилет:

1) Жогорку сот - Жогорку соттун соттук иш-аракетинин маселелери боюнча;

2) Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти - Жогорку соту кошпогондо, бардык соттордун соттук иш-аракетине байланышкан маселелер боюнча;

3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) - укук коргоо органдарынын өндүрүшүндө турган жазыктык иштер боюнча.

3. Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, суроо-талап мамлекеттик же расмий тилдерде таризделет жана ал жиберилип жаткан чет мамлекеттин тилине которулат.

4. Чет мамлекеттин аймагында суроо-талапты аткарууда Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары катыша алышат.

---

Мурунку берене: [511-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-511)  
Кийинки берене: [513-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-513)
