# 511-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча жөнөкөйлөтүлгөн сот өндүрүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 62-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 511-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-511

---

1. Соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмөсү бар ишти судья ал келип түшкөндөн кийин 5 күндүк мөөнөттө иликтеп чыгат жана өкүм чыгарат.

2. Соттук териштирүү жүргүзүлбөөчү сот отуруму айыпталуучунун жана анын жактоочусунун милдеттүү катышуусу менен өткөрүлөт.

3. Судья айыпталуучудан ага коюлган айып ага түшүнүктүү экендигин, соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгарууга макулдугун, соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруунун натыйжаларын түшүнө тургандыгын сурайт. Сот отурумуна жабырлануучу катышканда, судья андан соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмөгө карата мамилесин териштирет.

4. Эгерде судья айыпталуучу макул болгон айыптоо негизделген иш боюнча жыйналган далилдер менен ырасталган деген тыянакка келсе, айыптоо өкүмүн чыгарат жана айыпталуучуга жаза дайындайт, бул жаза жасалган жорук үчүн каралган максималдуу мөөнөттүн же максималдуу жазапул өлчөмүнүн үчтөн экисинен ашпоого тийиш.

5. Өкүмдү жарыялагандан кийин судья тараптарга аны даттануунун укугун жана тартибин, анын ичинде өкүм иштин материалдарынын изилденбегендигинин жана соттун тыянактары ишин иш жүзүндөгү жагдайларына шайкеш келбегендигинин негиздери боюнча апелляциялык тартипте даттанылбай тургандыгын түшүндүрөт.

6. Процесстик чыгымдар айыпталуучудан өндүрүлүп алууга жатпайт.

ХVII БӨЛҮМ. СОТТОРДУН, ПРОКУРОРЛОРДУН, ТЕРГӨӨЧҮЛӨРДҮН ТИЙИШТҮҮ УЮМДАР ЖАНА ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР

---

Мурунку берене: [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-510)  
Кийинки берене: [512-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-512)
