511-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча жөнөкөйлөтүлгөн сот өндүрүшү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 62-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмөсү бар ишти судья ал келип түшкөндөн кийин 5 күндүк мөөнөттө иликтеп чыгат жана өкүм чыгарат.
2. Соттук териштирүү жүргүзүлбөөчү сот отуруму айыпталуучунун жана анын жактоочусунун милдеттүү катышуусу менен өткөрүлөт.
3. Судья айыпталуучудан ага коюлган айып ага түшүнүктүү экендигин, соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгарууга макулдугун, соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруунун натыйжаларын түшүнө тургандыгын сурайт. Сот отурумуна жабырлануучу катышканда, судья андан соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмөгө карата мамилесин териштирет.
4. Эгерде судья айыпталуучу макул болгон айыптоо негизделген иш боюнча жыйналган далилдер менен ырасталган деген тыянакка келсе, айыптоо өкүмүн чыгарат жана айыпталуучуга жаза дайындайт, бул жаза жасалган жорук үчүн каралган максималдуу мөөнөттүн же максималдуу жазапул өлчөмүнүн үчтөн экисинен ашпоого тийиш.
5. Өкүмдү жарыялагандан кийин судья тараптарга аны даттануунун укугун жана тартибин, анын ичинде өкүм иштин материалдарынын изилденбегендигинин жана соттун тыянактары ишин иш жүзүндөгү жагдайларына шайкеш келбегендигинин негиздери боюнча апелляциялык тартипте даттанылбай тургандыгын түшүндүрөт.
6. Процесстик чыгымдар айыпталуучудан өндүрүлүп алууга жатпайт.
ХVII БӨЛҮМ. СОТТОРДУН, ПРОКУРОРЛОРДУН, ТЕРГӨӨЧҮЛӨРДҮН ТИЙИШТҮҮ УЮМДАР ЖАНА ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕРДИН КЫЗМАТ АДАМДАРЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
511-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-511" title="511-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>