# 51-берене. Жактоочуну чакыруу, дайындоо, алмаштыруу, анын эмгек акысын төлөп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 51-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-51

---

1. Жактоочу шектүү, айыпталуучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн тапшыруусу же макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан чакырылат.

2. Шектүүнүн, айыпталуучунун жазык сот өндүрүшүнө жактоочусун катыштыруу укугу алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан камсыз кылынат.

3. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга укуктуу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адвокат менен камсыз кылынат. Мамлекеттин эсебинен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттан эмгек акысын төлөө мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

4. Шектүү, айыпталуучу тарабынан тандалган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурларда, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат берүүгө милдеттүү.

5. Жактоочу жазык сот өндүрүшүнө 5 суткадан ашык, ал эми бөгөт коюу чарасын тандоодо - 2 сааттан ашык катыша албаган учурда, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот адвокаттардын мамлекеттик реестри аркылуу мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам боюнча адвокат камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-52)
