# 509-берене. Соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмөнү билдирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 509-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-509

---

1. Эгерде жоруктун фактысы ачык-айкын, аны жасаган адам белгилүү болсо, ал күнөөсүн мойнуна алса далилдерди, жоруктун натыйжасында болгон залалдын мүнөзүн жана өлчөмүн талашпаса, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы айыптоо актысында соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн, өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмө билдирет.

2. Айыптоо актысына соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгаруу жөнүндө өтүнмөгө шектелүүчүнүн өз күнөөсүн мойнуна алгандыгы жана соттук териштирүүнү жүргүзбөстөн өкүм чыгарууга макул экендиги жөнүндө анын жактоочусунун катышуусунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызы тиркелет.

---

Мурунку берене: [508-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-508)  
Кийинки берене: [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-510)
