# 507-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү бүткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 507-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-507

---

1. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш, аны менен шектелүүчүнү, анын жактоочусун жана жабырлануучуну иштин материалдары менен Тааныштыруу жана айыптоо актысын түзүү менен аяктайт. Айыптоо актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) аны түзүүнүн убактысы жана орду, ким түзгөн;

2) шектүүнүн фамилиясы, ысмы жана атасынын ысмы, туулган күнү, айы, жылы жана орду;

3) жорукту жасоонун убактысын, ордун, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесине ылайык далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайларды көрсөтүү менен аны баяндоо;

4) Жоруктар жөнүндө кодекстин жоопкерчиликти караган беренеси, бөлүгү, пункту;

5) жабырлануучу, ага келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтар;

6) иштин материалдары менен таанышканда арыздар жана өтүнмөлөр.

Айыптоо актысына иштин материалдары, ошондой эле сотко чакырылууга тийиш болгон адамдардын тизмеси тиркелет.

2. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Эгерде жабырлануучу өтүнүч билдирсе, аталган документтин көчүрмөсү ага да тапшырылат. Айыпталуучунун жана жабырлануучунун аталган документтин көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө тилкаттары ишке кошулат.

3. Айыптоо актысын прокурор бекиткен учурдан тартып жорук жасаган адам айыпталуучу деп аталат.

---

Мурунку берене: [506-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-506)  
Кийинки берене: [508-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-508)
