Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
507-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү бүткөрүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 61-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш, аны менен шектелүүчүнү, анын жактоочусун жана жабырлануучуну иштин материалдары менен Тааныштыруу жана айыптоо актысын түзүү менен аяктайт. Айыптоо актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) аны түзүүнүн убактысы жана орду, ким түзгөн;
2) шектүүнүн фамилиясы, ысмы жана атасынын ысмы, туулган күнү, айы, жылы жана орду;
3) жорукту жасоонун убактысын, ордун, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесине ылайык далилденүүгө тийиш болгон башка жагдайларды көрсөтүү менен аны баяндоо;
4) Жоруктар жөнүндө кодекстин жоопкерчиликти караган беренеси, бөлүгү, пункту;
5) жабырлануучу, ага келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтар;
6) иштин материалдары менен таанышканда арыздар жана өтүнмөлөр.
Айыптоо актысына иштин материалдары, ошондой эле сотко чакырылууга тийиш болгон адамдардын тизмеси тиркелет.
2. Айыптоо актысы бекитилгенден кийин прокурор айыпталуучуга айыптоо актысынын көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Эгерде жабырлануучу өтүнүч билдирсе, аталган документтин көчүрмөсү ага да тапшырылат. Айыпталуучунун жана жабырлануучунун аталган документтин көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө тилкаттары ишке кошулат.
3. Айыптоо актысын прокурор бекиткен учурдан тартып жорук жасаган адам айыпталуучу деп аталат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-507" title="507-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>