# 506-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү кыскартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 506-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-506

---

1. Ушул Кодекстин 26-беренесинде каралган негиздер бар болсо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өндүрүштү кыскартат.

2. Жорукту жасады деп шектелген адамды Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелеринде каралган жоопкерчиликтен бошотууга негиздер болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өндүрүштү кыскартат.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы өндүрүштүн кыскартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарат, анын көчүрмөлөрү прокурорго жана өндүрүш кыскартылган адамга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [505-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-505)  
Кийинки берене: [507-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-507)
