# 504-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жалпы жоболору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июня 2020 года № 57 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112062)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138544..1138545>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-504>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-504.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 504-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-504

---

1. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, бардык тергөө аракеттерин, ошондой эле ушул Кодекстин 213- беренесинде каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу.

2. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө жорук жасагандыгы боюнча шектелип жаткан адамга карата камакка алуу, үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууга жол берилбейт.

Жорук жасады деп шектелген адамдан алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана соттун чакыруусу боюнча келүү жана аларга жашаган жеринин өзгөрүүсү жөнүндө билдирүү тууралуу тилкат алынат. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына же сот отурумуна келбеген учурда адам алынып келиши мүмкүн.

3. Өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 98-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер болгондо жорук жасады деп шектелген адамга карата кармоо колдонулушу мүмкүн.

31. Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч болсо;

2) эгерде шектүү адам мас болуунун алкоголдук же башка түрлөрүнүн абалында болсо жана жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирсе;

3) эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теңдештирилген адамдарды кордоону, коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыңдоону, басмырлоону улантат деп болжолдоого мүмкүндүк берүүчү негиздер болсо.

4. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жорукту жасады деген шектенүү тууралуу адамга билдирилген учурдан тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш.

(КР 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [503-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-503)  
Кийинки берене: [505-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-505)
