# 503-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу алгачкы текшерүү органдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2020 года № 21 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере охраны водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112019)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2020 [Закон КР от 28 февраля 2020 года № 21 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере охраны водных биологических ресурсов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112019); 15.05.2019 [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138543..1138544>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 503-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-503

---

1. Ден соолукка каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 65-74-беренелери), жашы жете электердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлө мамилелеринин калыбына каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-81-беренелери), инсандын саясий, социалдык-экономикалык жана эмгектик укуктарына каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 82-84, 86-89-беренелери), менчикке каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 90-96-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 114-беренеси), өндүрүштүн коопсуздугуна каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 115, 116, 118-беренелери), коомдук тартипке каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-122-беренелери), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 125-129, 131, 132-беренелери), экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 133-144, 146, 147-беренелери), айыл чарбасындагы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 148, 149-беренелери), кыймылдын жана транспортту пайдалануунун коопсуздугуна каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 150-158-беренелери), сот бийлигине жана далилдерди табуунун жана сот чечимдерин аткаруунун процесстик тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 162-168-беренелери), башкаруу тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 169-176-беренелери), аскерге чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн жоруктары жөнүндө иштер боюнча (Жоруктар жөнүндө кодекстин 177-179-беренелери), жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Инсандын саясий, социалдык-экономикалык жана эмгектик укуктарына каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 85-беренеси), экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 97-101, 103-109-беренелери), акча-кредиттик жана валюталык чөйрөдөгү (Жоруктар жөнүндө кодекстин 110, 112-беренеси), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызмат кызыкчылыктарына каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 113-беренеси), маалыматтык коопсуздукка каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 159, 160-беренеси), шаар куруучулук жана архитектуралык иш-аракетке каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 161-беренеси) жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү (Жоруктар жөнүндө кодекстин 123, 124-беренелери) жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер органдарынын, баңгизаттарын контролдоо боюнча кызматтын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

4. Экономикалык иш-аракетти жүргүзүүнүн тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 102-1024беренелери), акча-кредиттик жана валюталык чөйрөдөгү (Жоруктар жөнүндө кодекстин 111-беренеси), өндүрүштүн коопсуздугуна каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 117-беренеси), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 130-беренеси), экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 145, 1451-беренелери) жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдын, бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

5. Аскер кызматчыларынын жоруктары жөнүндө (Жоруктар жөнүндө кодекстин 180-187-беренелери) жана аскер кызматчылары жасаган башка жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Жазыктык-аткаруу системасынын мекемелеринин аймагында Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

7. Ушул беренеде каралган ар кандай алгачкы текшерүү органдарына тиешелүү болгон жоруктардын жыйындысында сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктар оордугу баарынан чоң жорук боюнча аныкталат.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2020-жылдын 28-февралындагы № 21, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [502-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-502)  
Кийинки берене: [504-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-504)
