# 500-берене. Жарашуу жөнүндө макулдашуунун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 500-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-500

---

1. Жабырлануучу, анын өкүлү, шектелүүчү, айыпталуучу, анын жактоочусу билдирген жарашуу жөнүндө өтүнмөнүн негизинде жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) анын түзүлгөн датасы жана орду;

2) макулдашуу түзгөн тараптардын жана, эгерде жарашууга катышса, медиатордун фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;

3) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген залалдын өлчөмү, шектелүүчү же айыпталуучу жабырлануучунун пайдасына жасоочу аракеттердин тизмеги, залалдын ордун толтуруунун же аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү.

2. Жарашуу жөнүндө макулдашууга жабырлануучу же анын өкүлү, шектелүүчү, айыпталуучу, анын жактоочусу, эгерде жарашуу жол-жобосуна катышса, медиатор кол коёт.

3. Макулдашуунун көчүрмөлөрү макулдашууга кол койгон тараптарга тапшырылат.

---

Мурунку берене: [499-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-499)  
Кийинки берене: [501-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-501)
