# 50-берене. Жактоочу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 50-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-50

---

1. Жактоочу - жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоону жүзөгө ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто жактоочу катары адвокат катышат.

2. Жактоочу шектүүнү иш жүзүндө кармаган же шектүүгө кылмыш жана (же) жорук жасаганына шектелгени жөнүндө билдирген учурдан тартып, ал эми күбөнү - биринчи суракка алган учурдан тартып ишке катышат. Адвокат ким экенин ырастаган документин жана ордерин көрсөткөндөн кийин ал жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышууга укуктуу.

3. Эгерде алардын биринин кызыкчылыгы экинчисинин кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, бир эле адам эки шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн жактоочусу боло албайт.

4. Адвокат алгачкы текшерүү же тергөө органына, прокуратурага же сотко чакырылган бардык адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоону жүзөгө ашырууга укугу бар, мында адвокат ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган ыйгарым укуктарга ээ.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-51)
