# 496-берене. Сот отурумун жүргүзүүнүн жана өкүмдү чыгаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 496-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-496

---

1. Судья, эгерде мамлекеттик айыптоочу айыпталуучунун кылмышты ачууда жана тергөөдө, кылмыштын башка катышуучуларын айгинелөөдө жана жазыктык куугунтуктоодо, кылмыштын натыйжасында ээленген мүлктү издөөдө сотко чейинки өндүрүшкө активдүү көмөк көрсөткөндүгүнө ынанса, кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуу боюнча өкүм чыгарат.

2. Судья, эгерде кызматташуу жөнүндө бекитилген макулдашууда каралган шарттардын сакталбагандыгын аныктаса, жалпы тартипте соттук териштирүүнү дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алат. Мында айыпталуучунун күнөөнү мойнуна алышы өкүмгө негиз болушу мүмкүн эмес жана башка далилдер менен бирге бааланышы керек.

3. Эгерде шектелүүчүнүн сотко чейинки өндүрүшкө көмөк көрсөтүүсү өзүнүн кылмыштуу иш-аракетке катышуусу тууралуу маалыматтарды билдирүүсүндө гана турса, ушул главанын жоболору колдонулбайт.

4. Сот отуруму жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн айыпталуучуга карата өкүмдү чыгаруу ушул берененин талаптарын эсепке алуу менен ушул Кодекстин 491-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

5. Сот отуруму мамлекеттик айыптоочунун айыпталуучуга коюлган айыптоо актасын баяндоосу менен башталат, андан кийин мамлекеттик айыптоочу айыпталуучунун сотко чейинки өндүрүшкө көмөк көрсөткөндүгүн ырастайт, ошондой эле бул көмөк эмнеде болгондугун сотко түшүндүрөт.

6. Мында төмөндөгүлөр изилденүүгө тийиш:

1) айыпталуучунун кылмышты ачууда жана тергөөдө, кылмыштын башка катышуучуларын айгинелөөдө жана куугунтуктоодо, кылмыштын натыйжасында ээленген мүлктү издөөдө көмөк көрсөтүүсүнүн мүнөзү жана чектери;

2) кылмышты ачууда жана тергөөдө, кылмыштын башка кошо катышуучуларын айгинелөөдө жана куугунтуктоодо, кылмыштын натыйжасында ээленген мүлктү издөөдө айыпталуучу менен кызматташуунун мааниси;

3) айыпталуучу менен кызматташуунун натыйжасында айкындалган башка кылмыштар же башталган сотко чейинки өндүрүш;

4) айыптоо тарабы менен кызматташуунун натыйжасында айыпталуучунун, анын жакын туугандарынын, жубайынын өздүк коопсуздугуна келген коркунучтун даражасы;

5) айыпталуучунун ким экендигин мүнөздөөчү жагдайлар жана жазаны жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар.

7. Судья айыпталуучу менен түзүлгөн кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган бардык шарттардын сактагандыгын жана бардык милдеттенмелердин аткарылгандыгын ырастаган соң, айыптоо өкүмүн чыгарат жана айыпталуучуга кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган жазаны дайындайт.

8. Өкүм ушул Кодекстин 43-главасынын талаптарына ылайык чыгарылат. Мында айыптоо өкүмүнүн сыпаттоочу-жүйөлөөчү бөлүгү айыпталуучу жасады деп күнөөлөнүп жаткан кылмыштуу аракеттин сыпаттоосун, ошондой эле айыпталуучу аны менен түзүлгөн кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган шарттарды сактагандыгы жана милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө соттун тыянактарын камтышы керек.

9. Өкүм жарыялангандан кийин судья ага даттануу укугун жана тартибин тараптарга түшүндүрөт.

Соттук териштирүү жүргүзүлбөстөн чыгарылган өкүм апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн эмес, буга иштин сотто изилденбегендиги негиз болот.

10. Процесстик чыгымдар айыпталуучудан өндүрүлүп алынбайт.

---

Мурунку берене: [495-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-495)  
Кийинки берене: [497-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-497)
