# 494-берене. Тергөө судьясынын кызматташуу жөнүндө макулдашууну кароосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 494-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-494

---

1. Тергөө судьясы прокурордон келип түшкөн кызматташуу жөнүндө макулдашууну прокурордун, шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусу менен карайт.

2. Тергөө судьясы, эгерде кызматташуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 492-беренесинде каралган талаптардын сакталгандыгын жана макулдашуу жактоочунун катышуусу менен ыктыярдуу түрдө түзүлгөндүгүн ырастаса, тергөө судьясы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө токтом чыгарат, ал жазыктык ишке кошуу үчүн тергөөчүгө жиберилет.

3. Кызматташуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 492-беренесинде каралган талаптар бузулган учурда тергөө судьясы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, ал даттанылбайт.

---

Мурунку берене: [493-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-493)  
Кийинки берене: [495-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-495)
