Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
493-берене. Кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмөнү кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 59-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Прокурор кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмөнү тергөөчүнүн, шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусу менен карайт. Кароонун натыйжалары боюнча прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмөнү канааттандырууга;
2) кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартып, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарууга.
2. Кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө прокурордун чечимин шектелүүчү, анын жактоочусу тарабынан жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн.
3. Эгерде шектелүүчүнүн сотко чейинки өндүрүшкө көмөк көрсөтүүсү кылмыштуу иш-аракетке өзүнүн катышуусу жөнүндө маалыматтарды билдирүүдө гана турса, бул главанын жоболору колдонулбайт.
4. Прокурор кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) анын түзүлгөн датасы жана орду;
2) прокурордун жана тергөөчүнүн фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;
3) шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун фамилиясы, ысымы жана атасынын ысымы, башка маалыматтары;
4) Кылмыштын жасалган жерин, убактысын, ошондой эле далилденүүгө жатуучу башка жагдайларды көрсөтүү менен анын сыпатталышы;
5) Жазык кодексинин ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, анын бөлүгү, пункту;
6) шектелүүчү кызматташуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарууда жасоого милдеттенген аракеттер;
7) кызматташуу жөнүндө макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди сактаган шартта сот шектелүүчүгө карата колдоно турган жазанын түрү жана өлчөмү.
5. Кызматташуу жөнүндө макулдашууга прокурор, тергөөчү, шектелүүчү жана анын жактоочусу кол коёт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-493" title="493-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>