# 492-берене. Кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмө билдирүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-492.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 492-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-492

---

1. Кызматташуу жөнүндө макулдашуу Жазык кодексинин 171, 202, 203, 239, 240, 241, 243, 244, 248, 249, 250, 267, 270, 307, 308, 314, 319, 326-беренелеринде каралган кылмыштар боюнча түзүлүшү мүмкүн.

2. Шектелүүчү шектенүү жөнүндө кабарланган учурдан тартып айыптоо актысын прокурор бекиткенге чейин прокурорго кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмө менен кайрылууга укуктуу.

3. Кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу өтүнмөгө шектелүүчү жана анын жактоочусу кол коюшу керек. Өтүнмөдө шектелүүчү сотко чейинки өндүрүшкө көмөк көрсөтүү максатында кылмышты ачууда жана тергөөдө, кылмыштын башка кошо катышуучуларын айгинелөөдө жана жазыктык куугунтуктоодо, кылмыштын натыйжасында ээленген мүлктү издөөдө кандай аракеттерди жасоого милдеттенерин көрсөтөт.

4. Өтүнмө прокурорго тергөөчү аркылуу берилет.

5. Кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашуу жашы жете элек адамдар жана жазыктык мыйзам тыюу салган жорукту акыл-эси жайында эмес абалда жасаган адамдар же кылмыш жасагандан кийин психикалык дартка чалдыккан адамдар менен түзүлүшү мүмкүн эмес.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р чечими

6. Кызматташуу жөнүндө процесстик макулдашууну түзүү шектелүүчүнү, айыпталуучуну жабырлануучуга келтирилген залалдын ордун толтуруп берүүдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [491-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-491)  
Кийинки берене: [493-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-493)
