# 490-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмөнү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө билдирүүнүн жана кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 490-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-490

---

1. Жазыктык иш боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу жана анын жактоочусу күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмө билдирүүгө укуктуу.

Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмө келип түшкөндө, судья соттук териштирүүнү токтотот жана аны түзүү үчүн тараптарга 3 күндүк мөөнөт берет.

2. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндөн кийин судьяга берилет, судья ишти кароону ушул Кодекстин 488-беренесинде каралган тартипте улантуу жөнүндө токтом чыгарат. Тараптар күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуунун шарттары боюнча макулдукка жетишпегенде же болбосо ушул Кодекстин 488-беренесинде белгиленген талаптар сакталбаганда соттун жазыктык ишти кароосу жалпы тартипте улантылат.

---

Мурунку берене: [489-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-489)  
Кийинки берене: [491-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-491)
