# 49-берене. Жашы жете элек жабырлануучунун, шектүүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 49-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-49

---

1. Жашы жете электер жасаган кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча ишке милдеттүү катышуу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери тартылат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, ошондой эле жашы жете элек жабырлануучунун, шектүүнүн, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ишке катышуусу ушул Кодекстин 54-главасында белгиленген тартипте жүзө ашырылат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-50)
