# 489-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну тергөө судьясынын карашы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 489-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-489

---

1. Тергөө судьясы прокурордон келип түшкөн күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну прокурордун, шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусу менен карайт.

2. Тергөө судьясы, эгерде күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 487-беренесинде каралган талаптардын сакталгандыгын ырастаса, ал күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө токтом чыгарат, ал тергөөчүгө жазыктык ишке кошуу үчүн жиберилет.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р чечими

3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга карата ушул Кодекстин 487-беренесинде каралган талаптар бузулган учурда тергөө судьясы күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, ал даттанылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [488-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-488)  
Кийинки берене: [490-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-490)
