# 488-берене. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмөнү кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 58-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 488-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-488

---

1. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмөнү прокурор тергөөчүнүн, шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусунда карайт. Кароонун натыйжалары боюнча прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырууга;

2) күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартууга, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.

Прокурордун күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүүдөн баш тартуусу даттанылууга жатпайт, бирок бул андан кийин макулдашуу түзүү тууралуу кайталап өтүнмө берүүгө тоскоолдук кылбайт.

2. Прокурор күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) анын түзүлгөн датасы жана орду;

2) айыптоо тарабынан макулдашууну түзүүчү прокуратура жана тергөө органынын кызмат адамы;

3) макулдашуу түзүп жаткан шектелүүчүнүн фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, башка маалыматтары, коргоочу жөнүндө маалыматтар;

4) кылмыштын жасалган убактысын, жерин ошондой эле далилденүүгө жатуучу башка жагдайларын көрсөтүү менен анын сыпатталышы;

5) Жазык кодекстин ушул кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган беренеси, анын бөлүгү, пункту;

6) Жазык кодекстин айыпталуучуга карата колдонулушу мүмкүн болгон жеңилдетүүчү жагдайлары жана ченемдери, Жазык кодекстин 80-беренесинде каралган жазанын түрү жана өлчөмү.

3. Күнөөнү мойнуна алуу жөнүндө макулдашууга прокурор, тергөөчү, шектелүүчү, айыпталуучу жана анын жактоочусу кол коет.

Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р чечими

---

Мурунку берене: [487-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-487)  
Кийинки берене: [489-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-489)
