# 482-берене. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-482.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 482-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-482

---

1. Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө шектелүүчү жекече же тийиштүү юридикалык жактын коллегиялык түзүмүнүн мүчөсү катары аракеттенип, юридикалык жакты билдирүү, анын тапшырмасы боюнча аракет жасоо же болбосо юридикалык жактын атынан чечим кабыл алуу же юридикалык жактын алкагында контролду жүзөгө ашыруу укугуна негизденип же болбосо юридикалык жактын кызматында туруп, ушул эле юридикалык жактын кызыкчылыгында кылмыштуу аракетти жасагандыгы айкындалса, тергөөчү юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.

2. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын колдонуу боюнча процесс ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шектелүүчүгө карата жүзөгө ашырылуучу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлөт.

3. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталгандыгы жөнүндө тергөөчү тийиштүү юридикалык жакка, токтомдун көчүрмөсүн жиберүү жолу менен билдирет, ошондой эле бул юридикалык жактын өкүлүнө анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

Юридикалык жакка карата сотко чейинки өндүрүштү баштоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн тартып бир сутканын ичинде ушул жакка жиберилет.

4. Шектелүүчү адамга карата иш кыскартылган же шектелүүчүнү издөөгө байланыштуу иш токтотулуп коюлган учурда, юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын колдонуу боюнча өндүрүш бүткөрүлүшү жана маңызы боюнча кароо үчүн сотко жиберилиши керек.

---

Мурунку берене: [481-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-481)  
Кийинки берене: [483-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-483)
