# 48-берене. Материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адам

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 48-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-48

---

1. Мыйзамдын күчү аркылуу кылмыш же жорук менен же Жазык кодексинде же Жоруктар жөнүндө кодексте тыюу салынган акыл-эси жайында эместин, ошондой эле жашы жете электин аракети менен келтирилген материалдык залал жана моралдык зыян үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартуучу жеке же юридикалык жак алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот тарабынан өндүрүшкө тартылат.

2. Зыяндардын ордун толтурууга жооптуу адам ушул Кодексте шектүү, айыпталуучу, соттолгон үчүн каралган материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтуруу бөлүгүндөгү укуктарга жана милдеттерге ээ болот. Зыяндардын ордун толтурууга жооптуу адамга жазык өндүрүшүндө кабыл алынган материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга тийиштүү процесстик чечимдер жөнүндө билдирилет жана алардын көчүрмөсүн ушул Кодексте шектүүнү, айыпталуучуну, акталганды, соттолгонду кабарландыруу үчүн белгиленген учурларда жана тартипте алат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-49)
