478-берене. Жазыктар жана жоруктар үчүн жазык жоопкерчилигине тартуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 56-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 мая 2019 года № 62
1. Өзгөчө оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутатын кылмышы жана жоругу үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди Башкы прокурор Жогорку Кеңештин макулдугу менен кабыл алат. Сотко чейинки сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө кылмыштын курамын квалификациялоону өзгөчө оор кылмыштан оор же анчалык оор эмес кылмышка өзгөрткөндө, Жогорку Кеңештин депутатын жоопкерчиликке тартууга ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жол берилет.
2. Жогорку Кеңештин депутатын жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштама киргизет. Башкы прокурор Жогорку Кеңештин токтомунун кабыл алынышы жөнүндө 3 күндүк мөөнөттө кабарландырылат. Башкы прокурор иш боюнча өңдүрүш аяктаган күндөн баштап 3 күндүк мөөнөттө сотко чейинки өндүрүштүн натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңешке билдирүүгө милдеттүү. Жогорку Кеңештин депутатын жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ошол депутатка карата ишти анын депутаттык ыйгарым укуктары аяктаганга чейин токтотуп турууга алып келүүчү жагдай болуп саналат.
3. Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет. Башкы прокурор судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына тийиштүү сунуштама киргизет, анда иштин жагдайлары, судья шектелип жаткан Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин беренеси, жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы мындай макулдукту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ошол эле негиздер боюнча судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы кайталап киргизүүгө жол берилбейт.
4. Конституцияда аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан четтетилген Президентти жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.
5. Катталган Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылмыштары жана жоруктары үчүн шайлоолордун натыйжаларын расмий жарыялаган күнгө чейин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын макулдугусуз жазыктык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес. Кылмыштары жана жоруктары үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимди прокуратура органдары кабыл алат.
6. Акыйкатчыны (Омбудсменди), анын орун басарын жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
478-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-478" title="478-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>