# 474-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү жана узартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-474>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 474-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-474

---

1. Сот дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусуна ылайык психиатриялык жардамды көрсөткөн мекеменин администрациясынын сунуштамасы боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну кийинки алты айга токтотот, өзгөртөт же узартат.

2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу тууралуу маселелерди медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу токтомду чыгарган сот карайт.

3. Иштин каралышын дайындоо тууралуу сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдын мыйзамдуу өкүлүнө, медициналык мекеменин администрациясына, жактоочуга жана прокурорго кабарлайт. Сот отурумунда жактоочунун жана прокурордун катышуусу милдеттүү, башка адамдардын келбөөсү ишти карап чыгууга тоскоолдук болбойт.

4. Сот отурумунда медициналык мекеменин сунуштамасы, дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусу изилденет, отурумунда катышкан адамдардын оюу угулат. Эгерде дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусу шек туудурса, сот соттук-психиатрдык экспертиза дайындайт, кошумча документтерди талап кылат, ошондой эле анын психикалык абалы боюнча мүмкүн болсо, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу тууралуу маселеси чечилип жаткан адамды суракка алат.

5. Сот мурда дайындалган чараны колдонуу зарылдыгы керексиз болгон же медициналык өзгөчөлүктөгү башка чараларды дайындоо зарылдыгы пайда болгон адамдын психикалык абалы түзүлгөн учурда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотот же өзгөртөт. Сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же өзгөртүү үчүн негиздер жок болгон учурда мажбурлап дарылоону узартат.

6. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө, ошондой эле токтотуудан, өзгөртүүдөн же узартуудан баш тартуу тууралуу сот токтом чыгарат.

---

Мурунку берене: [473-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-473)  
Кийинки берене: [475-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-475)
