# 472-берене. Иш боюнча чечимди кабыл алууда сот чечкен маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 472-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-472

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти соттук териштирүү процессинде төмөнкү маселелер изилдениши жана чечилиши керек:

1) Жазык кодексте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жосун орун алгандыгы;

2) жосунду иш каралып жаткан адам жасагандыгы;

3) жосунду акыл-эси жайында эмес абалда болгон адам жасагандыгы;

4) жосунду жасагандан кийин бул адамдын жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүндүк бербеген психикалык дартка чалдыккандыгы;

5) адамдын катуу кармаган психикалык дартты ал үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч келтирүүсү же ага башка олуттуу зыянды келтирүү мүмкүнчүлүгү;

6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралар колдонулушу керекпи жана атап айтканда кайсылар.

2. Сот ушул Кодекстин 336-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 9, 12, 13-пункттарда көрсөтүлгөн маселелерди да чечет.

---

Мурунку берене: [471-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-471)  
Кийинки берене: [473-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-473)
