# 469-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө келип түшкөн иш боюнча прокурордун чечимдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-469>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-469.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 469-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-469

---

1. Сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү ишти сотко жиберүү тууралуу токтомду чыгарат.

2. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомго тиркеме ушул Кодекстин 247-беренесинин эрежелери боюнча түзүлөт.

3. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү ишти аны сотко жиберүү тууралуу токтом менен кошо прокурорго берет, ал төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат;

1) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтомун бекитет жана ишти сотко жиберет;

2) ишти алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө тергөөдө жол берилген кемчилдиктерди жоюу үчүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен кайтарып берет;

3) ишти кыскартат.

4. Ишти сотко жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсүн тийиштүү адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн анын мыйзамдуу өкүлүнө жана коргоочуга тапшырылат.

---

Мурунку берене: [468-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-468)  
Кийинки берене: [470-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-470)
