# 468-берене. Жактоочунун катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 468-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-468

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштө жактоочунун катышуусу, эгерде жактоочу мурда башка негиздер боюнча ишке киришпеген болсо, өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга карата акыл-эси жайында эместик фактысы же дарттуу психикалык бузулуусу белгиленген учурдан тартып милдеттүү болуп эсептелет.

2. Ишке киришкен учурдан тартып жактоочу, эгерде медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын ден соолугунун абалы тоскоолдук кылбаса, өзү жактаган адам менен жалгыз жолугушууга укуктуу, ошондой эле ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган башка бардык укуктарды пайдаланат.

3. Тандалган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурларда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам менен камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [467-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-467)  
Кийинки берене: [469-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-469)
