# 467-берене. Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто мыйзамдуу өкүлдүн катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 467-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-467

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн адамдын мыйзамдуу өкүл деп анын тууганы, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтому же соттун токтому (аныктамасы) боюнча ишке катышууга тартылган тиешелүү медициналык мекеменин кызматкери таанылат.

2. Мыйзамдуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ал өкүлдүк кылган адам Жазык кодекте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган мыйзамга каршы кайсы аракетти жасагандыгын билүүгө;

2) өтүнмө жана четтөөнү билдирүү;

3) далилдерди берүү;

4) анын өтүнмө каты же жактоочунун өтүнмө каты боюнча өткөрүлгөн тергөө иш-аракеттерине катышууга;

5) ал катышкан тергөө иш-аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана андагы аткарылган жазуулардын тууралыгы жана толуктугу тууралуу жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;

6) сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин иштин бардык материалдары менен таанышууга, андан керектүү маалыматтарды көчүрүп жазууга;

7) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн ишти кыскартуу же ишти сотко жиберүү жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алууга;

8) соттук териштирүүгө катышууга;

9) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун иш-аракеттерине жана чечимине даттанууну берүүгө;

10) соттун токтомуна, аныктамасына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөсүн алууга;

11) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар тууралуу билүүгө жана аларга каршылык берүүгө;

12) берилген даттанууларды, сунуштамаларды сотто карап чыгууга катышууга.

---

Мурунку берене: [466-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-466)  
Кийинки берене: [468-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-468)
