# 466-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 466-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-466

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адам, эгерде соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу боюнча анын оорусунун мүнөзү жана оордугунун даражасы тоскоолдук кылбаса, төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ал кайсы жорукту жасады деп шектелип жатканын билүүгө;

2) көрсөтмөлөрдү берүүгө;

3) далилдерди берүүгө;

4) өтүнмөлөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө;

5) эне тилинде же өзү билген тилде түшүнүк берүүгө;

6) котормочунун кызматтарын пайдаланууга;

7) иш жүзүндө кармалган учурдан тартып жактоочу алууга жана аны менен жеке жолугушууга;

8) анын өтүнмө же анын жактоочусунун өтүнмө боюнча өткөрүлгөн тергөө иш-аракеттерине катышууга;

9) бул иш-аракеттердин протоколдору менен таанышууга жана алар боюнча сын-пикирлерди берүүгө;

10) экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом жана эксперттин корутундусу менен таанышууга;

11) иштин бардык материалдары менен таанышууга жана зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;

12) далилдерди депонирлөө жөнүндө тергөө судьясына өтүнмө кылууга;

13) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерин жана чечимдерин даттанууга;

14) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн сотко ишти жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсүн алууга.

2. Ишти соттук териштирүүдө ал ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу:

1) тараптардын далилдерин жана жарыш сөздөрүн изилдөөгө катышууга;

2) сот отурумунун протоколу менен таанышууга жана ал боюнча сын-пикир берүүгө;

3) соттун токтомуна, аныктамасына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөсүн алууга;

4) иш боюнча келтирилген даттануулар жана сунуштамалар тууралуу билүүгө жана аларга каршы пикир берүүгө;

5) билдирилген даттанууларды жана сунуштамаларды сотто карап чыгууга катышууга.

---

Мурунку берене: [465-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-465)  
Кийинки берене: [467-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-467)
