# 464-берене. Далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 464-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-464

---

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгү жагдайлар белгиленүүгө тийиш:

1) жасалган жоруктун убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары;

2) бул адамдын Жазык кодекте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган укукка каршы аракетти жасашы;

3) жосундун натыйжасында келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү;

4) бул адамдын психикалык ишмердигинин мурда бузулушу, анын даражасы жана психикалык ишмердигинин бузулуу мүнөзү же коомго кооптуу кылмыштарды жасаган мезгилдеги, сотко чейинки өндүрүш убагындагы психикалык оорулары;

5) Жазык кодексте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган мыйзамга каршы аракетти жасаган адамдын аны жасаганга чейинки жана жасагандан кийинки да жүрүм-туруму;

6) өзү жана башка адамдар үчүн анын психикалык абалынын натыйжасында келип чыккан коркунучтун деңгээли, ошондой эле мындай адам башка олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгү.

---

Мурунку берене: [463-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-463)  
Кийинки берене: [465-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-465)
