464-берене. Далилденүүгө тийиш болгон жагдайлар
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгү жагдайлар белгиленүүгө тийиш:
1) жасалган жоруктун убактысы, орду, ыкмасы жана башка жагдайлары;
2) бул адамдын Жазык кодекте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган укукка каршы аракетти жасашы;
3) жосундун натыйжасында келтирилген залалдын мүнөзү жана өлчөмү;
4) бул адамдын психикалык ишмердигинин мурда бузулушу, анын даражасы жана психикалык ишмердигинин бузулуу мүнөзү же коомго кооптуу кылмыштарды жасаган мезгилдеги, сотко чейинки өндүрүш убагындагы психикалык оорулары;
5) Жазык кодексте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган мыйзамга каршы аракетти жасаган адамдын аны жасаганга чейинки жана жасагандан кийинки да жүрүм-туруму;
6) өзү жана башка адамдар үчүн анын психикалык абалынын натыйжасында келип чыккан коркунучтун деңгээли, ошондой эле мындай адам башка олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгү.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
464-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-464" title="464-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>