# 462-берене. Соттун тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жашы жете электи жазык жоопкерчилигинен бошотуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 462-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-462

---

1. Эгерде анчалык оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мындай кылмышты жасаган жашы жете элек адам жазыктык жаза чарасын колдонбостон оңолушу мүмкүн болсо, сот жашы жете электи жазык жоопкерчилигинен бошотууга жана ага карата Жазык кодексинин 17-главасында каралган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууга укуктуу. Токтомдун көчүрмөсү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

2. Жашы жете элек адам өзүнө карата дайындалган тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасында каралган шарттарды системалуу түрдө бузган учурда, сот балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөздөгү катаалыраак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жазаны колдонуу жөнүндө маселени чечет жана иш ушул Кодекстин ченемдерине ылайык каралат.

---

Мурунку берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-461)  
Кийинки берене: [463-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-463)
