# 459-берене. Жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн соттук териштирүүдө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 459-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-459

---

1. Жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрү сот отурумуна чакырылышы керек. Алар далилдерди изилдөөдө катышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, өтүнмөлөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө, соттун аракеттерин жана чечимдерин даттанууга, сот отурумуна катышууга укуктуу. Көрсөтүлгөн укуктар аларга соттук териштирүүнүн башталышында түшүндүрүлүшү керек. Жашы жете электин мыйзамдуу өкүлдөрү ишти соттук териштирүүнүн бүткүл жүрүмүндө сот отурумунун залында катышат. Алардын макулдугу менен алар сотто күбө катары суралышы мүмкүн.

2. Эгерде жашы жете электин мыйзамдуу өкүлүнүн аракеттери жашы жете электин кызыкчылыктарына залал келтирет же ишти соттук териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ал соттун жүйөлөнгөн токтому менен соттук териштирүүгө катышуудан четтетилиши мүмкүн. Бул учурда жашы жете элек айыпталуучунун башка мыйзамдуу өкүлдүн катышуусуна жол берилет.

3. Эгерде жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү ишке жактоочу же материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүгө жооптуу жак катары катышса, ал процесстин көрсөтүлгөн катышуучуларынын укуктарына ээ болот жана милдеттерин көтөрөт.

4. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто апелляциялык, кассациялык тартиптерде ишти кароо башталганга чейин айыпталуучу (соттолгон, акталган) 18 жашка чыкса, сот мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын токтотуу жөнүндө токтом кылат (аныктайт).

---

Мурунку берене: [458-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-458)  
Кийинки берене: [460-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-460)
