# 458-берене. Жашы жете электи сот адилеттиги системасынан чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 458-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-458

---

1. Эгерде жашы жете электи биринчи жолу анчалык оор эмес кылмыш жасаган деп эсептөөгө негиз болсо, тергөөчү ушул Кодекстин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык жашы жете электи жазыктык сот адилеттигинин системасынан мыйзамда каралган тартипте чыгаруу максатында сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга укуктуу.

2. Жазыктык сот адилеттигинин системасынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда анын эң мыкты кызыкчылыктары, жасалган кылмыштын мүнөзү жана оордугу, жаш курагы, күнөөсүнүн даражасы, келтирилген залал, кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-туруму көңүлгө алынууга тийиш.

3. Жашы жете электи жазыктык сот адилеттиги системасынан чыгаруу төмөнкү жагдайлардын жыйындысы бар болгондо колдонулушу мүмкүн:

1) ал биринчи жолу анчалык оор эмес кылмыш жасаган болсо;

2) жашы жете элек шектүүнүн мурда соттуулугу жок болсо;

3) жашы жете элек жазыктык сот адилеттигинин системасынан чыгаруу жана медиация программасына катышпаган болсо;

4) жашы жете эле кылмыш жасаганын мойнуна алса;

4. Жашы жете электи жазыктык сот адилеттигинин системасынан чыгаруу келишиминде төмөнкү чаралар каралуусу мүмкүн:

1) кат жүзүндө эскертүү;

2) келтирилген залалды толук же жарым-жартылай төлөп берүү;

3) милдеттенме коюу;

4) көзөмөл коюу.

Жашы жете электи жазыктык сот адилеттигинин системасынан чыгаруу боюнча бир нече чаралар бир учурда колдонулуусу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [457-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-457)  
Кийинки берене: [459-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-459)
