# 456-берене. Жашы жете элек шектелүүчүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн сотко чейинки өндүрүшкө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-456>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-456.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 456-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-456

---

1. Жашы жете электер жасаган кылмыштар жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүшкө жашы жете элек шектелүүчүнүн мыйзамдуу өкүлү катышат.

2. Жашы жете электин мыйзамдуу өкүлүнүн иште катышуусуна алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтому менен жашы жете электи шектелүүчү катары алгачкы суракка алган учурдан тартып жол берилет. Мыйзамдуу өкүлгө ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктар түшүндүрүлөт.

3. Жашы жете элек шектелүүчүнүн мыйзамдуу өкүлү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жашы жете элек эмнеге шектелип жаткандыгын билүүгө;

2) шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүүгө катышууга;

3) жашы жете электи суракка алууга, ошондой эле жашы жете элек шектелүүчүнүн жана анын жактоочусунун катышуусунда жүргүзүлүүчү башка тергөө иш-аракеттерине катышууга;

4) өздөрү катышкан тергөө иш-аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана алардагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу түрүндө пикирин билдирүүгө;

5) өтүнмөлөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө;

6) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн жана прокурордун аракеттерин даттанууга;

7) далилдерди берүүгө;

8) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга, кайсы болбосун маалыматты көчүрүп алууга, документтердин көчүрмөлөрүн алууга.

4. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин жашы жете элек шектелүүчүгө терс таасир этиши мүмкүн болгон материалдарды ага тааныштырууну чектөө, бул материалдар менен мыйзамдуу өкүлдү тааныштыруу жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу.

5. Эгерде мыйзамдуу өкүлдүн аракеттери жашы жете элек шектелүүчүнүн кызыкчылыктарына залал келтирет же сотко чейинки өндүрүшкө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ишке катышуудан четтетилет. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарат. Бул учурда иште катышууга башка мыйзамдуу өкүлгө жол берилет.

---

Мурунку берене: [455-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-455)  
Кийинки берене: [457-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-457)
