# 455-берене. Педагогдун жана психологдун катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 455-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-455

---

1. 16 жашка чыга элек жана бул жашка чыккан, бирок акыл-эси жагынан артта калган деп таанылган жашы жете элек шектелүүчүнү, айыпталуучуну суракка алганда, педагогдун же психологдун катышуусу милдеттүү.

2. 16 жашка чыккан жашы жете электер жасаган кылмыштар жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча педагогдун же психологдун суракка катышуусуна алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укук берилген кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун ыктыяры боюнча же болбосо жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү боюнча жол берилет.

3. Педагог же психолог алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун уруксаты менен жашы жете элек шектелүүчүгө, айыпталуучуга суроо берүүгө укугу бар, ал эми сурак бүткөндө - сурактын протоколу менен таанышат жана андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу жөнүндө жазуу жүзүндө пикирин билдирет. Бул укуктар жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жашы жете электи суракка алуунун алдында педагогго же психологго түшүндүрөт, бул тууралуу сурак протоколунда белги коюлат.

4. Жашы жете элек айыпталуучуну сотто суракка алууда, педагогдун же психологдун катышуусу ушул берененин эрежелери менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [454-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-454)  
Кийинки берене: [456-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-456)
