# 453-берене. Жашы жете элек шектелүүчүнү, айыпталуучуну суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-453.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 453-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-453

---

1. Жашы жете элек шектелүүчүнү, айыпталуучуну суракка алуу саат 8.00дөн саат 22.00гө чейинки мезгилде жүргүзүлөт жана тыныгуусуз сурак 2 сааттан узакка созулбайт, ал эми жалпысынан алганда - күнүнө 4 сааттан ашпайт.

2. Жашы жете элек шектелүүчүнү, айыпталуучуну суракка алуу жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн, зарыл болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, психологдун, педагогдун катышуусунда өтөт, алар суракка алынып жаткан адамга суроолорду берүүгө, ал эми сурак бүткөндө - протокол менен таанышууга, көрсөтүүлөрдүн туура жана толук жазылгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [452-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-452)  
Кийинки берене: [454-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-454)
