# 451-берене. Жашы жете электи кармоо жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 451-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-451

---

1. Жашы жете электи кармоо жана ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 98, 99, 116-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Жашы жете электи сотко алып келгенге чейин прокурор ишти өз өндүрүшүнө албастан, ушул Кодекстин 453-беренесине ылайык анын өзүн суракка алышы керек, сурактын протоколу иштин материалдарына тиркелет.

3. Жашы жете элекке карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө ар бир учурда жашы жете электи ушул Кодекстин 113-беренесинде каралган тартипте карап турууга өткөрүп берүү сыяктуу чараны колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланышы керек.

4. Жашы жете электи кармоо, камакка алуу жөнүндө кармалган же камакка алынган учурдан тартып үч саатын ичинде жашы жете электин ата-энесине же анын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилет.

---

Мурунку берене: [450-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-450)  
Кийинки берене: [452-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-452)
