451-берене. Жашы жете электи кармоо жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жашы жете электи кармоо жана ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 98, 99, 116-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Жашы жете электи сотко алып келгенге чейин прокурор ишти өз өндүрүшүнө албастан, ушул Кодекстин 453-беренесине ылайык анын өзүн суракка алышы керек, сурактын протоколу иштин материалдарына тиркелет.
3. Жашы жете элекке карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө ар бир учурда жашы жете электи ушул Кодекстин 113-беренесинде каралган тартипте карап турууга өткөрүп берүү сыяктуу чараны колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланышы керек.
4. Жашы жете электи кармоо, камакка алуу жөнүндө кармалган же камакка алынган учурдан тартып үч саатын ичинде жашы жете электин ата-энесине же анын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирилет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
451-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-451" title="451-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>