# 45-берене. Шектүүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 45-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-45

---

1. Шектүүнүн төмөнкүлөргө укугу бар:

1) өзүнүн кайсыл кылмышты жана (же) жорукту жасаганына шектенилип жатканын билүүгө;

2) кармаганда - бир жолу телефон менен натыйжалуу акысыз жана көзөмөлдөнгөн сүйлөшүүгө;

3) кылмыш, жорук жасаганына шектенүү жөнүндө кабарламанын, жаңы шектенүү же шектенүүнүн квалификациясын өзгөртүү тууралуу кабарламанын көчүрмөсүн, кармоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алууга;

4) өзүнүн укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга;

5) өзүн-өзү же өзү тандаган адвокаттын жардамы алдында коргоого;

6) кылмыш жана (же) жорук жасаганына шектүүлүгү жөнүндө билдирилген учурдан тартып жактоочу алууга, ал эми кармалганда - иш жүзүндө кармалган учурдан тартып тандап алган жактоочусу жок болгондо, мамлекет тарабынан кепилденген жактоочу алууга;

7) жактоочу алууга, анын ичинде бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө прокурордун өтүнүчүн тергөө судьясы караганда;

8) мыйзамда каралган учурларда, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамга;

9) өзүнүн жактоочусу менен саны, узактыгы чектелбеген, тыңшап угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;

10) анын өтүнүчү же анын жактоочусунун же болбосо мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө амалдарына катышууга;

11) кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнү талап кылууга;

12) көрсөтмө берүүгө же көрсөтмө берүүдөн баш тартууга;

13) көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген тилде берүүгө;

14) квалификациялуу котормочунун кызматынан пайдаланууга;

15) далилдерди келтирүүгө;

16) өтүнүчүн жана четтетүүлөрдү билдирүүгө;

17) өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколу менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга жана алар боюнча сын-пикирлерин билдирүүгө, алар протоколго түшүрүлөт;

18) алгачкы текшерүү органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракетине (аракетсиздигине) даттанууга;

19) иш жүзүндө кармалгандан кийин медициналык кароого жана врачтын жардамына;

20) сотко чейинки өндүрүш бүткөндөн кийин, иштин бардык материалдары менен таанышууга жана көчүрмөлөрүн алууга;

21) ушул Кодексте каралган учурларда, процесстик макулдашуу түзүүгө;

22) айыптоо актысынын көчүрмөсүн алууга;

23) мыйзамда каралган учурларда, анын ичинде медиация тартибинде жабырлануучу менен элдешүүгө.

2. Шектүү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун чакыруусу боюнча келүүгө;

2) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун талаптарына баш ийүүгө;

3) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү жибергенде медиатор менен маалыматтык жолугушууга барууга.

3. Шектүү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн талабы боюнча төмөнкүлөргө тартылышы мүмкүн:

1) кароого, ошондой эле кармалганда жеке тинтүүгө;

2) врачтык кароого, дактилоскопиядан өтүүгө, фото-видео тартууга;

3) күбөлөндүрүүдөн өтүүгө;

4) экспертизадан өтүүгө.

4. Биологиялык тегинин үлгүлөрүн (кан, чач, адамдын организиминен бөлүнүп чыккандарды) мажбурлап алуу, мындай үлгүлөрдү алуу инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо укугун бузуу менен коштолгон учурларды кошпогондо, тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

5. Шектүү ошондой эле ушул Кодексте каралган башка укуктарга ээ болот.

6. Шектүүнү ар бир жолу убактылуу бөлөк кармоочу жайга же камакта кармоочу жайга жеткирүүдө, ошондой эле анын өзүнөн, анын жактоочусунан, жакын туугандарынан, жубайынан ага карата алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан зомбулук, кыйноо же катаал мамиле колдонулганы жөнүндө даттануу түшкөндө, тиешелүү документти түзүү менен ал милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү милдети убактылуу камакта кармоочу жайдын администрациясына жүктөлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-46)
