# 449-берене. Жашы жете электер жасаган кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча белгиленүүгө тийиш болгон жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 449-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-449

---

1. Ушул Кодекстин 83-беренесинде саналып берилген жагдайларды далилдөө менен катар жашы жете электер жасаган кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө жана сот териштирүүсүндө төмөнкүлөр аныкталышы керек:

1) жашы жете электин курагы (туулган күнү, айы, жылы);

2) жашы жете электин жашоо жана тарбиялануу шарттары;

3) интеллектуалдык, эрктик жана психикалык өнүгүү даражасы, мүнөзүнүн жана темпераментинин өзгөчөлүгү, керектөөлөрү жана кызыкчылыктары;

4) жашы жете элекке чоң адамдардын жана кошо катышуучулардын таасиринин болушу же жоктугу.

2. Жашы жете элек адамдын жан-дүйнө оорусуна байланышпаган, акыл-эсинин өнүгүшү артта калганын күбөлөндүргөн маалыматтар болгондо, жашы жете элек адам өзүнүн коомдук кооптуу аракетинин маанисин толук түрдө түшүнө ала тургандыгы же аны башкара ала тургандыгы да аныкталат.

3. Бул жагдайларды тастыктоо үчүн жашы жете элек адамдын ата-энеси, педагогдор, тарбиячылар жана башка керектүү маалымат бере ала турган адамдар суракка алынышы мүмкүн, ошондой эле керектүү документтер талап кылынат, башка тергөө жана соттук аракеттер жүргүзүлөт.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери жашы жете электин жашоо-турмуш кырдаалына баа берет жана талдоо жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча корутунду түзөт жана аны кароо үчүн алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө жана сотко берет.

---

Мурунку берене: [448-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-448)  
Кийинки берене: [450-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-450)
