# 444-берене. Өндүрүштү кайра жаңылоонун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 444-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-444

---

1. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча айыптоо өкүмүн соттолгон адамдын пайдасына кайра кароо эч кандай мөөнөттөр менен чектелбейт.

2. Соттолгон адамдын өлүмү аны актоо максатында жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар улам иш боюнча өндүрүштү кайра жаңылоого тоскоол болуп саналбайт.

3. Актоо өкүмүн, аныктаманы, ишти кыскартуу жөнүндө токтомду кайра кароого, ошондой эле айыптоо өкүмүн жазанын жеңилдигине же болбосо жосунду оордотуу жагына карай кайра квалификациялоонун зарылдыгына байланыштуу кайра кароого жасаган кылмышы же жоругу үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөттөрүнүн ичинде гана, жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар аныкталган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен жол берилет.

4. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар аныкталган күн болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

1) ушул Кодекстин 442-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 1-3-пункттарда көрсөтүлгөн адамдарга карата өкүм, аныктама, токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күн;

2) ушул иште колдонулган мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга каршы келет деп таануу жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими күчүнө кирген күн;

3) компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган эл аралык органдын адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдерин бузуу болгондугу жөнүндө чечими күчүнө кирген күн;

4) ушул Кодекстин 442-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурда жаңы жагдайлардан улам өндүрүштү кайра жаңыртуунун зарылдыгы жөнүндө корутундуга прокурор кол койгон күн;

5) ушул Кодекстин 442-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык кайтадан ачылган жагдайлар боюнча сот тарабынан өндүрүш козголгон күн.

---

Мурунку берене: [443-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-443)  
Кийинки берене: [445-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-445)
