# 443-берене. Ишти жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндө өтүнмөлөрдү кароочу соттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 443-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-443

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечим боюнча жаңы же кайтадан ачылган жагдайларга жараша ишти кайра кароо жөнүндө өтүнмө бул чечимди кабыл алган сот тарабынан жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар боюнча кайра каралат.

2. Биринчи инстанциядагы сот апелляциялык тартипте каралбаган, өзүнүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечими боюнча жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнмөнү карайт.

3. Апелляциялык инстанциядагы сот кассациялык тартипте каралбаган, өзүнүн соттук чечими боюнча жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнмөнү карайт.

4. Кассациялык инстанциядагы сот өзүнүн соттук чечими боюнча жаңы жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө өтүнмөнү карайт.

---

Мурунку берене: [442-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-442)  
Кийинки берене: [444-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-444)
