Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
442-берене. Иш боюнча өндүрүштү жаңыртуунун негиздери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 53-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча өндүрүш жаңы же жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңыртылышы мүмкүн.
2. Жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жаңыртуунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жаңыдан ачылган жагдайлар - ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, соттун өкүмү же башка чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурга карата болгон, бирок сотко белгисиз жагдайлар;
2) жаңы жагдайлар - ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сот актысын чыгаруу учурунда болбогон жана сотко белгисиз болгон жагдайлар.
3. Жаңыдан ачылган жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген мыйзамсыз же негизсиз өкүм, аныктама, токтом чыгарууга алып келген жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете эле буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин жасалмаланышы же котормонун атайын туура эмес которулушу;
2) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдүн, аныктаманын, токтомдун чыгышына алып келген, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин, тергөөчүнүн же прокурордун кылмыштуу аракеттери;
3) ушул ишти кароодо алар тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген судьялардын кылмыштуу аракеттери;
4) өкүмдү, аныктаманы, токтомду чыгарганда сотко белгисиз болгон, өз алдынча алганда жана мурда тастыкталган жагдайлар менен кошо алганда соттолгондун күнөөсүздүгү жөнүндө же ал соттолгон кылмыштан же болбосо терс жоруктан оордук даражасы боюнча башка кылмыш же жорукту жасагандыгы жөнүндө же болбосо акталганы адамдын же ага карата иш кыскартылган адамдын күнөөсүздүгүн күбөлөндүргөн жагдайлар;
5) ушул Кодекстин 497-беренесинде каралган кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн айыпталуучуга карата чыгарылган өкүмдү кайра кароо боюнча жагдайлар.
4. Жаңы жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүүсү;
2) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын ушул жазык ишинде же болбосо жоруктар жөнүндө иште сот тарабынан колдонулган мыйзамды же башка ченемдик укуктук актыны же болбосо алардын бөлүгүн конституциялык эмес жана Конституцияга карама-каршы келет деп таануусу;
3) ушул жазык ишин Кыргыз Республикасынын соту тарабынан кароодо адам укуктары жана эркиндиктери бузулгандыгын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык органдардын белгилөөсү.
5. Ушул беренеде саналып берилген жагдайлар соттун өкүмүнөн, аныктамасынан, токтомунан тышкары прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укук берилген кызмат адамынын иштин эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу, мунапыс же кечирим берүү актыларынын натыйжасында, айыпталуучунун өлгөндүгүнө же адамдын жазыктык жоопкерчилиги же жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги башталуучу жаш куракка жетпегендигине байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө токтомдору менен аныкталуусу мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-442" title="442-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>