# 439-берене. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138542..1138543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 439-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-439

---

1. Ишти кароонун натыйжасында кассациялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:

1) биринчи жана апелляциялык инстанциясынын сотунун актысын күчүндө калтырууга;

2) иш боюнча чыгарылган соттук актынын бирөөсүн күчүндө калтырууга;

3) биринчи жана апелляциялык инстанциянын соттун актысын толук же жарым-жартылай жокко чыгарууга же өзгөртүүгө жана эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда гана ката кетирилген болсо, кайра кароого жибербей жаңы чечим кабыл алууга;

4) ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 7, 9-14-пункттарында каралган негиздер болгондо, биринчи жана апелляциялык соттун инстанциясынын актысын жокко чыгарууга жана иш боюнча өндүрүштү кыскартууга;

5) эгерде процессуалдык укуктун ченемдерин олуттуу бузууга жол берилген болсо жана алар ишти туура эмес чечүүгө алып келсе, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарууга жана ишти кайра кароого жиберүүгө.

2. Кассациялык инстанциядагы сот кассациялык өндүрүштү токтото турууга жана мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын же болбосо алардын ушул иште колдонулган бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талап жиберүүгө укуктуу, ал бул жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Ишти жылдын кароого жиберүүдө кассациялык инстанциядагы сот ишти башка курамда кароонун зарылдыгын көрсөтөт.

4. Кассациялык инстанциядагы сот ишти кароонун натыйжасы боюнча токтом түрүндө чечим чыгарат.

5. Токтомго ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коёт. Өзгөчө учурларда гана өтө татаал иш боюнча жүйөлөнгөн токтомду түзүү 10 күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун резолюциялык бөлүгү кеңешүүчү бөлмөдө түзүлөт жана ага ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коет.

6. Токтом төрагалык кылуучу же баяндама жасоочу судья тарабынан жарыя кылынат. Соттук отурумдун залында катышып олтургандардын бардыгы токтомду орундарынан туруп угат.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [438-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-438)  
Кийинки берене: [440-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-440)
