# 437-берене. Кассациялык инстанциядагы сот тарабынан ишти кароонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530#diff=1138546..1138547>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 437-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-437

---

1. Жогорку сотто иш үч судьядан турган соттук курам менен каралат.

2. Кассациялык даттануу, сунуштама боюнча ишти кароодо соттун отурумуна прокурордун катышуусу милдеттүү. Соттук отурумга ушул Кодекстин 431-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка адамдар дагы бул жөнүндө алар тарабынан өтүнүч кат берилген шартта катыша алышат.

3. Соттун отурумуна катышуусу милдеттүү болгон адамдарды кошпогондо, кассациялык инстанциядагы соттун отурумунун орду, датасы жана убагы жөнүндө талаптагыдай кабарланган адамдардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

4. Төрагалык кылуучу ишти кароо үчүн дайындалган убакта сот отурумун ачат жана кандай иш каралууга тийиш экендигин жарыялайт жана соттук териштирүүнүн катышуучуларында баш тартуулар жана өтүнүч каттар бар же жок экендигин аныктайт.

5. Баш тартууларды жана өтүнүч каттарды чечкенден кийин, иш баяндамачы-судья тарабынан баяндалат, ал иштин жагдайын, иш боюнча кабыл алынган соттук чечимдердин мазмунун, кассациялык даттануу берүү үчүн негиз болуп кызмат кылган кассациялык даттануулардын, сунуштамалардын жүйөлөрүн баяндайт. Баяндамачыга судьялар тарабынан суроолор берилиши мүмкүн.

6. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумга келсе, алар иш боюнча чыгып сүйлөөгө укуктуу. Биринчи болуп кассациялык даттанууну же сунуштама берген адам сүйлөйт.

7. Тараптардын чыгып сүйлөөлөрү аяктагандан кийин, судьялар кеңешүүчү бөлмөгө кетишет.

8. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими атайын бөлмөдө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судьялар калыс болууга же добушка катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими, эгерде ал үчүн судьялардын көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [436-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-436)  
Кийинки берене: [438-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-438)
