# 436-берене. Кассациялык даттанууларды, сунуштамаларды карабастан кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-436>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-436.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 436-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-436

---

1. Кассациялык даттануу, сунуштама каралбастан кайта берилет, эгерде:

1) алар ушул Кодекстин 435-беренесинде каралган талаптарга жооп бербесе;

2) алар кассациялык инстанциядагы сотко кайрылууга укугу жок адам тарабынан берилсе;

3) алар ушул Кодекстин 433-беренесинде каралган кассациялык даттанууга белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе;

4) иш апелляциялык инстанциядагы соттун кароо предмети болбосо;

5) иш кассациялык инстанциядагы сот тарабынан каралса.

2. Кассациялык даттануу, сунуштама кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде кассациялык даттануу, сунуш берген адамга кайтарып берүү себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрмөсү бар даттанууга, сунуштамага тиркелген бардык документтер менен кошо кайра кайтарылууга тийиш.

3. Прокурордун кассациялык сунуштамасы соттук отурум башталганга чейин сунуштама берген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан суралып алынышы мүмкүн.

4. Процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун жана өзүнүн жактоочусунун жана өкүлүнүн даттануусун кайра сурап алууга укуктуу. Процесстин жашы жете элек катышуучусу өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жана жактоочусунун даттануусун ал жашы жеткен күндөн тартып гана кайра сурап ала алат.

5. Даттанууну жана сунуштаманы кайра сурап алууга сотторду кеңешүүчү бөлмөгө кеткенге чейин жол берилет.

6. Кассациялык даттанууну, сунуштаманы кайра сурап алуу кассациялык өндүрүштү кыскартууга алып келет, ал жөнүндө кассациялык инстанциядагы сот аныктама чыгарат.

7. Кассациялык даттанууну, сунуштаманы кайра чакыртып алуу кассациялык даттануу, сунуштама менен кайтадан кайрылууну жокко чыгарат.

---

Мурунку берене: [435-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-435)  
Кийинки берене: [437-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-437)
