# 435-берене. Кассациялык даттануунун, сунуштаманын мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111530)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 20 Кодекси "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-33/edition/1138542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111530/st-435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси, 435-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-435

---

1. Кассациялык даттануу, сунуштама төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) алар берилген соттун аталышын;

2) даттануу, сунуштама берген адам жөнүндө маалыматтарды, анын жашаган же турган жерин, процесстик абалын көрсөтүү менен;

3) биринчи инстанциядагы, апелляциялык инстанциядагы жазык ишин караган сотторго көрсөтмөнү жана алар кабыл алган чечимдин мазмунун;

4) даттанылуучу соттук чечимге көрсөтмөнү;

5) материалдык жана процесстик укуктун иштин натыйжасына таасир этүүчү ченемдерин соттор тарабынан олуттуу бузууларга көрсөтмөнү, ушундай эреже бузуулар жөнүндө айгинелөөчү жүйөлөрдү келтирүү менен;

6) даттануу, сунуштама берген адамдын өтүнүчүн;

7) эгерде алар бар болсо, даттанууга, сунуштамага тиркелген документтердин тизмесин.

2. Кассациялык даттанууга аны берген адам кол коюуга тийиш, жактоочусу тарабынан берилген даттанууга ордер тиркелет. Сунуштамага прокурор кол коюшу керек.

---

Мурунку берене: [434-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-434)  
Кийинки берене: [436-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111530/st-436)
