Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
435-берене. Кассациялык даттануунун, сунуштаманын мазмуну
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 51-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кассациялык даттануу, сунуштама төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) алар берилген соттун аталышын;
2) даттануу, сунуштама берген адам жөнүндө маалыматтарды, анын жашаган же турган жерин, процесстик абалын көрсөтүү менен;
3) биринчи инстанциядагы, апелляциялык инстанциядагы жазык ишин караган сотторго көрсөтмөнү жана алар кабыл алган чечимдин мазмунун;
4) даттанылуучу соттук чечимге көрсөтмөнү;
5) материалдык жана процесстик укуктун иштин натыйжасына таасир этүүчү ченемдерин соттор тарабынан олуттуу бузууларга көрсөтмөнү, ушундай эреже бузуулар жөнүндө айгинелөөчү жүйөлөрдү келтирүү менен;
6) даттануу, сунуштама берген адамдын өтүнүчүн;
7) эгерде алар бар болсо, даттанууга, сунуштамага тиркелген документтердин тизмесин.
2. Кассациялык даттанууга аны берген адам кол коюуга тийиш, жактоочусу тарабынан берилген даттанууга ордер тиркелет. Сунуштамага прокурор кол коюшу керек.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-435" title="435-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>